08:08
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Милиция Чубак ажы Жалиловдун аялы азыр кайда экенин билбейт

Милиция Чубак ажы Жалиловдун аялы азыр кайда экенин билбейт. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Алардын маалыматында, Гүлнур Жалилованын арызы боюнча иш козголгон эмес. Бирок текшерүү жүрүп жатканын айтышты. Анткен менен шаардык милиция мурдакы муфтийдин аялы азыр кайда экенин билбейт. Гүлнур Жалилованын өмүрүнө эч кандай коркунуч жоктугун кошумчалашты.

Эскерте кетсек, Гүлнур Жалилова декабрь башында «Сезим» кризистик борборуна кайрылган. Ал Чубак ажы Жалилов аны жана балдарын өлтүрөм деп коркутуп жатканын айтып, милицияга дагы арыз менен кайрылган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар