00:03
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кара-Суу районундагы мечитте өрт чыкты

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл аймагында 1-декабрында түнү “Жалгыз бак” мечитинен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Жеринде өрттү өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, саат 00:47де өрт чектөөгө алынып, саат 02:48де толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен мечиттин 500 чарчы метр жыгач устундуу темир жабылган чатыры жана 200 чарчы метр пластик шыбы күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума