13:36
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкек мэриясы кош бойлуу студенттерге стипендия берүүнү токтотот

Бишкек мэриясы кош бойлуу студенттерге стипендия берүүнү токтотот. Бул боюнча чечим бүгүн шаардык кеңештин жыйынында кабыл алынды.

Жыйында стипендия алган студенттердин 71 пайызы колунда бар үй-бүлөлөрдө жашап, акча алуу үчүн кымбат балуу ууналар менен келишери айтылды. Андыктан мэрия кош бойлуу студенттерге айына миң сомдон берилүүчү жардамды токтотту.

Шаардык кеңештин депутаттары эгиз жана үч эмге берилүүчү жардамдын өлчөмүн да бекитишти. Ага ылайык шаардык бюджеттен эгиздерге 45 миң сом, үч эмдерге 90 миң сом сүйүнчү катары бөлүп берүү улантылат. Мындай жардам Бишкек шаарында гана берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар