Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына карата Россияда бир катар иш чара өтөт. Бул тууралуу КМШнын парламенттер аралык ассамблеясында Жогорку Кеңештин өкүлү Нурбек Сатыбалдиев билдирди.
Анын айтымында, 2018-жылы Россияда «Ч.Айтматов дипломаттын көзү менен» жана «Маек жана маданият» аттуу эки кереге кеңеш уюштурулат. Ага кыргыз жазуучулары, парламент депутаттары жана Россиянын мамлекеттик думасынын өкүлдөрү катышат.
Репин атындагы музейде Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган кино жумалыгы өтөт.
Андан тышкары жазуучунун айкели орнотулат.