15:17
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кыргыз-казак мамилелерин элдик дипломатия аркылуу жолго салууну көздөшүүдө

Жакында өткөн жыйында эки мамлекеттин президенттеринин тирешинин айынан соңку мезгилде солгундап кеткен кыргыз-казак мамилесин жөнгө салуу демилгеси көтөрүлдү. Демилгенин алкагында салттуу элдик дипломатияны пайдалануу аркылуу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 12 адамдан турган арачылар тобу түзүлдү. Ага Кыргызстандагы белгилүү саясатчылар, маданият жана искусство ишмерлери кирди.

Президенттикке талапкерлигин койгондордун бири, коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин наамына кайрылуу кабыл алынганын билдирди. Токтайым Үмөталиева азыркы учурда мына ошол кайрылууга Астанадан жооп күтүп жатышканын белгиледи.

«Мен Астанага атайын барып, Казакстандын парламентинин "Ак жол" фракциясынын жетекчиси менен жолугуп, кайрылууну ага тапшырып келдим. Ал киши бүгүн эртең менен мага телефон чалып, документтер Казакстандын президенттик администрациясына түшкөнүн билдирди. Биз Ак Ордодо мына биз шайлаган элдик дипломатиялык өкүлчүлүктү кабыл алып, ошол жерде ийри отуруп, түз кеңешип, ачык-айкын маектешүүнү сунуштадык. Эки ортодо кетирилген кемчиликтер үчүн кечиришип, эки элдин ортосундагы мамилени курчута бербей, сактап калалы деген маселе коюлду. Бул эми илгертеден келаткан салт. Мында "биз тарап күнөөлүү же биздин президент күнөөлүү» деп барганы жаткан жерибиз жок. Бул жагдайга эки тарап тең күнөөлүү. Ошондуктан эки ортодогу маселени ачык-айкын отуруп чечели деген сунушту айтып жатабыз» - деди ал.  

Казакстан 10-октябрдан бери чек арадан оор жүк ташуучу унааларды өткөрүүгө чектөө киргизип, айрым кыргыз товарларынын сатылышына тыюу салган.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби