16:02
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Таластагы курултай белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Таласта 18-ноябрга пландалган курултай болбойт. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине жарандык активист Мавлян Аскарбеков билдирди.

Анын айтымында, уюштуруучулардын бири Шамбет Кубатбеков кармалгандыгына байланыштуу курултай белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Мавлян Аскарбеков Шамбет Кубатбеков 15 суткага кармалганын маалымдады.

Эскерте кетсек, 3-ноябрда митингде Талас облусунун тургундары президент Алмазбек Атамбаевдин кечирим суроосун талап кылышты. Алар Алмазбек Атамбаевдин 18-октябрда мамлекеттик резиденцияда Таласта өткөн митингди сындап, анын уюштуруучуларын «Абыке-Көбөш» менен салыштыруусу намысына тийгендигин айтышат. Таластыктар 18-ноябрда курултайга чогулушмак болушкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума