Нарын облусунун Кочкор районунда сөөгү табылган үч кишинин экөөнүн өздүгү такталды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгы маалымдайт.
Алардын маалыматында, алардын бири 1993-жылы туулган Н.Т. экендиги ырасталды. Ал 2013-жылдан бери дайынсыз жоголгон. Анын сөөгү Арчалуу аймагынан табылган.
Орто-Токой дарыясынын жээгинен табылган сөөк 1970-жылы туулган А.Б. болуп чыкты. Ал дагы дайынсыз жоголгондордун катарында.
Үчүнчү сөөк 40-45-жаштагы аялга таандык. Анын ким экендиги изделүүдө.