Кечээ ЮНЕСКОнун жаратылыш жана маданияттын дүйнөлүк мурастарын коргоо Конвенциясынын Башкы ассамблеясынын 21-отуруму өтүп, анда Кыргызстан мүчө болуп кабыл алынды. Бул тууралуу К;ыргызстандын ЮНЕСКОдогу Улуттук комиссиясы билдирди.
Аталган комитетке 21 мамлекет кирет. Кыргызстан мындан ары дүйнөлүк мурастардын тизмесин түзүүдө добуш берүү укугуна ээ.