03:59
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ысык-Көлдө эки милицияга сот 8 миллион сом айып пул салды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкерине 8 миллион сом айып пул салынды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Каракол шаардык сотунан билдиришти.

Алардын маалыматында, тартип сакчылары зордуктоого шектелген жарандан 70 миллион сом талап кылгандыгы аныкталды.

Белгилей кетсек, зордуктоо боюнча арыз жазган кыз кийин айыптоодон баш тарткан.

Сот милиция кызматкерлерине ар бирине 4 миллион 50 миң сом айып пул салып, үч жыл укук коргоо органдарында иштөөгө тыюу салды.

Эң көп окулган жаңылыктар