13:38
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Таласта митинг. Дагы эле президенттин кечирим суроосун талап кылышууда

Таласта митинг өтүп жатат. Буга чейин милиция шаардын борбордук аянтында 50 киши чогулганын айткан. Жарандык активист Максат Казакбаев «24.kg» агенттигине аларга Кара-Бууранын жаштары автомобилдери менен келип кошулгандыгын, топтолгон элдин саны 500гө жеткендигин билдирди.

Максат Казакбаевдин айтымында, милиция сахна орнотуп, үндү күчөтүүчү жабдууларды жайгаштырууга уруксат берген жок. Андан тышкары, укук коргоо органдары жаштарды каршылык акциясын шаардык стадиондо улантууну сунушташты.

Топтолгондор дагы эле президент Алмазбек Атамбаевдин кечирим суроосун талап кылышууда.

Эскерте кетсек, 18-октябрда президент мамлекеттик резиденция сүйлөп жатып, Таласта 16-октябрда өткөн митингди сындаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби