11:47
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Казакстан Кыргызстан чек арада бирге иштешүүдөн баш тартып жатканын айтат

Казакстан бажыдагы маселелерди чечмейин катуу көзөмөлдү токтотбойт. Бул тууралуу «Казинформ» билдирет.

Казакстандын Каржы министрлигинин мамлекеттик кирешелер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Госман Амриндин айтымында, бажыдагы көмүскө жыйымдар жоюлмайын чек ара ачылбайт.

«Биз Кыргызстан менен Казакстанда бирдей бажы төлөмдөрү болушун талап кылып жатабыз. Албетте ага чогуу иштеп гана жетише алабыз. Биз Кыргызстанга эки өлкөнүн бажы бекетинде чогуу текшерүү уюштурууну сунуштадык. Кыргызстан казак бажычыларын аймагына киргизе албастыгын айтты. Анда биздин чек ара бекетине келип, жүк ташуучу унааларды чогуу текшерели дедик», — дейт Госман Амрин.

Госман Амрин эки өлкө чек арада өткөн товарлар, алардын баасы тууралуу маалымат алмашууну макулдашкандыгын белгиледи.

«Өткөн жумада биздлин чек ара бекетинен өткөн товарлар боюнча маалымат жибердик. Бирок, алардан дагы эле эч кандай маалымат келе элек», — деди ал.

Казакстан 10-октябрдан тарта Кыргызстан менен чек арадан өткөрүүнү текшерүүнү күчөттү. Бул чараны коңшү мамлекеттин өкмөтү кытай товарларынын мыйзамсыз реэкспортуна байланыштырат.

Эң көп окулган жаңылыктар