Бишкектин көчөлөрүндө арстандын күчүгү менен сейилдеп, сүрөткө түшүнүү дагы сунуштап жүргөн жаран өзү укук коргоо органдарына келди. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «Бугу-Эне» коомдук фондунун президенти Салтанат Сеитова билдирди.
Анын айтымында, ал жырткычтын баласын фондко тапшырып, зоопаркка өткөрүлүшүнө макул болду. Ага Акжолтой деген ысым коюлду.
«Жаныбарды сатып алган кишини жакшы билбейт экен. Эт азыктары менен тамактантып жүрүптүр. Күчүк үч айлык окшойт. Бирок, ал киши беш айлык дейт. Аны азырынча Каракол зоопаркында кармайбыз. Кийин балким башка зоопарктардан түгөй табылып калат» — деди Салтанат Сеитова.