20:45
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Арстандын күчүгүн Бишкекке алып келген киши аныкталды

Бишкектин көчөлөрүндө арстандын күчүгө менен сүрөткө түшүүнү сунуштаган жаран аныкталды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Жаратылыш байлыктары департаментининин бөлүм башчысынын милдетин аткаручуу Абай Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, арстандын күчүгүн үйүндө кармаган жарандын ысмы -Эртай Искаков. Ал 1990-жылы Ысык-Көл облусунда туулган. Учурда Бишкек шаарында жашайт.

«Азыр үйүн издеп жатабыз. Москва жана Байтик -Баатыр көчөсү тарапта жашайт экен. Аны эртең менен ошол жерде арстандын күчүгү менен сейилдеп жүргөнүн көрүшүптүр», — дейт Абай Жаныбеков.

Абай Жаныбековдун айтымында, Бишкекке арстандын күчүгүн алып келүүгө уруксат берилген эмес.

«Демек жырткычты Кыргызстанга контрабанда жолу менен алып келишкен. Ал үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган» — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар