18:32
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте арстандын күчүгү менен сүрөткө түшүү сунушталууда

Социалдык тармакта арстандын күчүгү менен түшкөн сүрөттөр пайда болду.

Шаардыктардын айтымында, өткөн жекшемби күндөрү арстандын баласын «Ак-Эмир» базарында «Азия Молл» соода түйүнүнүн алдында жолуктурушкан.

«Мойнунан байлап, ээрчитип жүрүшүптүр. Сүрөткө түшүү үчүн 200 сом алып жатышат. Арстандын баласы кайдан пайда болду? Жаныбар абдан арык жана кыйналып тургандай? Атайын кызматтар каякка карап олтурушат?», — дешет бишкектиктер.

Профессор, эколог Эмил Шүкүровдун айтымында, Кыргызстанда эч качан арстандар болгон эмес.

«Аны четтен алып келишсе керек. Бирок, бизде жапайы жырткыч менен сүрөткө түшкөндүгү үчүн жаза жок. Арстандын күчүгүн сатып алышкан болсо, аны дайым байлап жүрүшү керек», — дейт Эмил Шүкүров.

Эң көп окулган жаңылыктар