06:16
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков отставкага кетерин билдирди

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүнкү отурумда отставкага кетерин билдирди. Анын айтымында, бул чечимине өлкөдө мыйзамдуулукту камсыз кылып, башталган саясый жолду улантуу себеп болду.

«Мына президенттик кызматты тынчтык жолу менен өткөрүп берүү саясый жолду баштадык. Эч качан Кыргызстанда бийлик үчүн жармашпашыбыз керек. Мындай саясый жол, салттар мындан ары да уланат деп ишенем. Аны бекемдөө үчүн мен дагы отставкага кеткеним туура» - деди Чыныбай Турсунбеков.

Төрага кызматтан кетип жатканы менен саясат кетпестигин билдирди. Ал бир жарым жылдык төрагалык кызматында баардыгына бирдей мамиле кылып, саясый көз-карашка карата бөлбөй бирдей мамиле кылгандыгын белгилеп өттү. 

«Мен демократияны туу туткан. Анын өнүгүшүнө салым кошкон саясатчыларга, журналисттерге ыраазычылык билдирем» - деди Чыныбай Турсунбеков. 

Эң көп окулган жаңылыктар