Казакстандын Тышкы иштер министрлиги 23-октябрда Кыргызстан Астана убадалаган 100 миллион доллар каражаттан баш тартуу боюнча процедуралар жүрүп жатканын расмий түрдө билдиргенин маалымдады.
Буга чейин Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитети Казакстандын 100 миллион доллар каржылык жардамынан баш тартып, мурда бекитилген макулдашууну жокко чыгаруу боюнча өкмөттүн сунушун колдогон.
Өкмөттүн айтымында, 2007-жылы Казакстан Кыргыз-казак инвестициялык фондун түзүүгө 100 миллион доллар караган. Бул багытта 2011-жылы дагы сүйлөшүүлөр жүрүп, бирок каржылоо ишке ашкан эмес.
2014-жылы Кыргызстан ЕАЭБге кирердин астында Астана мына ошол акчаны берүүнү убада кылып, экинчи ирет макулдашууга кол койгон. Ал акча биримдиктин талаптарына жооп берчү лабораторияларды курууга багытталган. Бирок ал каражат мына ошондон бери түшкөн эмес.
Казакстан ТИМи казак тарап Кыргызстандын ЕАЭБ алкагында милдеттенмелерин так аткаруусу үчүн керектүү техникалык колдоо көрсөтүүгө ар дайым дилгир болгонун билдирди. Маалыматка караганда, каржылык жардамдын алгачкы траншы ушул жылдын ноябрь айында жөнөтүлмөк.
Казакстан убада кылган акчанын биринчи бөлүгү 41 миллион долларды түзмөк. Ал бажы, транспорт инфраструктурасы, маалыматтык колдоо, өрт коопсуздугу, саламаттыкты сактоо, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар үчүн жумшалмак.