00:08
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Казакстан менен Кыргызстан жол картасына кол койгон жок

Кечээ Ереванда премьер-министр Сапар Исаков казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев менен жолугушту. Бирок, күтүлгөндөй жол картасына кол коюлган жок. Эки өлкөнүн адистери документти иштеп чыгып жатышат.

Жумушчу топ иштеп чыккан жол картасы бүгүн, 25-октябрда дагы талкууланат.

Белгилей кетсек, 18-октябрда Астана жолугушууда эки өкмөт башчылары жумушчу топ түзүп, аларга беш күн ичинде жол картасын иштеп чыгууну буйруду. Анда эки өлкөнүн чек арасындагы унаа, ветеринардык, фитосанитардык көзөмөлдү жөнгө салуу маселелери каралат.

Казакстан 10-октябрдан тарта Кыргызстан менен чек арадан өткөрүүнү текшерүүнү күчөтүп баштады. Өкмөттүн билдирүүсүндө, бул кытай товарларынын мыйзамсыз реэкспортуна байланыштуу. Коңшу өлкө Кыргызстандын бажы төлөмдөрү өтө арзан болгондуктан, Кытайдан келген импорт кыргыз чек арасы аркылуу Казакстанга кирип жатканын айтууда. 

Эң көп окулган жаңылыктар