01:29
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Жогорку Кеңештин төрагачы Чыныбай Турсунбековдун отставкасы айтылууда

Эртең парламенттеги коалициялык көпчүлүк жыйынга чогулат. Бул тууралуу маалыматты «24.kg» агенттигине Жогорку Кеңештен ырасташты. 

Жыйында төрага Чыныбай Турсунбековдун отставкага арызы каралат. Өздүк булактардын билдирүүсүндө, төрага Чыныбай Турсунбеков өз эрки менен кызматын тапшырмакчы. Бул боюнча төрага бейшемби күнкү пленардык отурумда өзү жарыялашы күтүлөт. 

Төрагалыкка талапкерлерден азырынча «Кыргызстан» фракциясынан Дастан Жумабековдун ысмы аталууда. 

Эң көп окулган жаңылыктар