18:33
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстандын тышкы донорлордон баш тартып, ички ресурстарга таянышы зарыл

«Эгер Кыргызстан экономикалык багытын тышкы донорлук жардамдардан баш тартып, ички ресурстарга таянып жүргүзүүгө өтсө — бул колдоого арзыйт» — дейт IZ иликтөө тобунун жетекчиси, саясат тануучу Бахтияр Эркимбаев.

Анын айтымында, өкмөттүн Казакстан бере турган 100 миллион доллар жардамынан баш тартуу чечими мыйзам ченемдүү көрүнүш жана туура чечим.

«Аймактын, уюмдун эмес, улуттук экономиканын кызыкчылыгын биринчи орунга койгонго үйрөнсөк болот. Ошондо азыркы өкмөт өзүнүн экономикалык программаларын ишке ашыра алат. 100 миллион доллардан баш тартуу албетте кайсы бир багытта туура эмес болуп калат. Бирок, натыйжасы туура гана болот» — дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстан Казакстан менен 2016-жылдын декабрь айында түзүлгөн ЕЭАБтин алкагында жардам көрсөтүү келишимин үзүү чечимин кабыл алды. Бул боюнча сунуш парламентке жөнөтүлдү.

Келишимге ылайык Казакстан Кыргызстанга жалпы суммасы 100 миллион доллар өлчөмүндө техника, жабдуу жана акчалай жардам көрсөтмөк. Келишимди жазында кыргыз парламенти жайында Казакстандын депутаттары ратификациядан өткөрүшкөню.

Эң көп окулган жаңылыктар