04:23
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Укук коргоочулар Тажикстандагы кумсалардын абалына кабатыр

АКШда жайгашкан Human Rights First (HRF) укук коргоо уюму Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсонду Тажикстанда каттоого алынган кумсалардын тагдырына кабатыр болуп жатканын билдирүүгө чакырды. 

«Мамлекеттик департамент Тажикстандагы ЛГБТ өкүлдөрүнө карата кол салууларга макул эместигин жалпыга угуза жарыялашы керек», — деди Human Rights First (HRF) уюму.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги түзгөн атайын тизмеге сексуалдык азчылыктын 370 өкүлү кирген. Алардын 319у эркек, 48и аял. Кумсалар сойкулар сыяктуу эле, өнөктөштөрүн тез-тез алмаштырып, мындан улам ВИЧ-инфекциясын жугузуп алуу тобокелдиги жогору топко киргендиктен тизмеге алынганы кабарланган.

HRF уюмунун өкүлү Шон Гейлорд бул кумсаларды коргоого эмес, куугунтуктоого багытталган кеңири схема экенин билдирди.

Тажикстан совет маалында киргизилген гомосексуалдык мамилеге каршы мыйзамды 1998-жылы жокко чыгарган. Бирок кумсалар жана сексуалдык азчылык өкүлдөрү дагы эле коомчулук тарабынан кодуланып, коркутуп-үркүтүүгө кабылып келет.

Эң көп окулган жаңылыктар