13:43
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Тажикстанда гейлер менен лесбияндар каттоого алынды

Тажикстанда ИИМ менен Башкы прокуратура жүргүзгөн атайын операциядан кийин 370тей гей жана лесбияндардын тизмеси түзүлдү. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы билдирет.

Маалыматтарга караганда, тизмеде 319 гомосексуал эркек жана 48 лесбиян бар. Башкы прокуратурага таандык «Мыйзамдуулук» журналы алардын сексуалдык азчылыктарга таандык экени аныкталганын жазды.

Бул арада укук коргоо органдарындагы өз булактын кабарлашынча, алар сойкулар сыяктуу өнөктөштөрүн бат которуп, ВИЧ — инфекциясын жуктуруу коркунучу жогору болгондуктан каттоого алынышкан.

Тажикстан гомосексуалдык мамилелерди 1998-жылы декриминалдаштырган, бирок сексуалдык азчылыктар коомчулук арасында кодуланып келет.

2015-жылы СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча глобалдык фонд Тажикстанда гомосексуалдардын саны 30 миңди түзөрүн билдирген. ИИМ бул маалыматты четке каккан.

Эң көп окулган жаңылыктар