14:54
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Астана чет өлкөлүк жүк ташуучуларга көзөмөл күчөтүлгөнүн кабарлады

Казакстандын инвестиция жана өнүктүрүү министри Женис Касымбектин 17-октябрда журналисттерге билдиргенине караганда, Астана чет өлкөлүк жүк ташуучуларга көзөмөлдү күчөтүүдө. Мунун алкагында 2700 жүк ташуучу унаа текшерилип, 193 мыйзам бузуу аныкталган.

Министрдин айтымында, полиция, экономикалык жана мамлекеттик кирешени иликтөө органдары текшерүү жүргүзүүдө. Мыйзам бузгандардын 60% кыргызстандык жүк ташуучулар экендиги аныкталды.

10-октябрдан тарта Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында көзөмөл күчөтүлүп, казак тарапка өтүү татаалдаган. Жөө адамдардан тартып, жеңил, маршруттук каттамдагы жана жүк ташуучу унаалардын өтүүсү оорлогон.

16-октябрда Кыргызстандан Казакстанга багытталган 202 тонна жашылча-жемиш «талапка жооп бербейт» деген жүйө менен артка кайтарылган. Андан тышкары, 27 тоннадан ашуун алма, курма, анар жана жүзүм зыянкеч курт бар деген себеп менен кармалганын Казакстандын расмий сайттары жазып чыгышты. Бул арада Казакстандын өзүндө жашылча-жемиштин баасы өсүп кеткени кабарланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар