18:22
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ишкерлерге эл аралык ХАССП стандарттын киргизүү үчүн банктардан насыя берилет

Кыргызстандын коммерциялык банктары ишкерлерге ХАССП стандарттын киргизүү үчүн насыя берип баштайт. Бул тууралуу өкмөт токтом чыгарды.

Насыяны азык-түлүк жана айыл-чарба товарларын кайра иштетүү жаатында иштегендер алышат. Ишкерлер 1-30 миллион сом өлчөмүндө беш жылга 6 жылдык пайыз менен насыя ала алышат. Бирок, ишкердин өзүндө карыздын 20 пайызы болушу керек. Акча алгандан кийин эки жыл ичинде ХАССП өндүрүшкө киргизилип башташы керек.

ЕАЭБдин техникалык регламенттине ылайык уюмдун аймагында азык-түлүк товарлары ХАССП стандарты киргизилген ишканаларда гана чыгарылат. Бул стандарт жана тийиштүү күбөлүктөрү жок өндүрүшчүлөр товарын сатыкка да чыгара албайт.

Эскерте кетсек, 10-октябрдан тарта өкмөттүн чечими менен экспортко багыт алган, же импорттун ордун толтуруучу ишканаларга беш жылга 10 пайыздык үстөк нарк менен 250 миллион сомго чейин насыя бериле баштады.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума