USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Москвадагы мигранттардын көпчүлүгү өзүн тизмеден таппай калышты

09:07, 16 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Москва шаарындагы № 9001 шайлоо тилкесине келген мигранттардын көпчүлүгү өзүн тизмеден тапкан жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирет.

Шайлоонун жүрүшүндө эч кандай мыйзам бузуулар байкалган эмес. Көпчүлүк мигранттар добуш берүү үчүн элчиликке келишти. Бирок, тизмеде аты-жөнүн таба албай калышты. Алардын көпчүлүгү биометриялык маалыматтарын тапшырган эмес жана алдын-ала элчиликке келип, учетко турбаган.

Эскерте кетсек, кечээ Москвада элчиликтин алдында мигранттар пикетке чыгышкан. Алар добуш берүүгө уруксат берүүнү талап кылышкан. 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика