Россияга Кыргызстандан барган 20 тонна кара өрүктү киргизбей койду. Бул тууралуу Россиянын Айыл-чарба товарларын көзөмөлдөө департаментти билдирет.
Алардын маалыматында, Кыргызстандан барган жүктүн таңгагында маркировкасы, экспортер тууралуу маалыматтары болгон эмес.
Жүк Россиянын аймагында сатууга тыюу салынып, артка кайтарылды.