13:15
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

УКМКнын эки кызматкерин бычактап кетишти

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин эки кызматкерин бычактап кетишти. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирет.

Алардын маалыматында, кечээ 9-октябрда Ош облусунун Ноокат районунда террордук уюмдун жашыруун иштеген бөлүмүн издөө учурунда УКМКнын эки кызматкерине бычак сайылган.

Экөөнүн тең абалы туруктуу.

УКМКнын билдирүүсүндө, бычак сайган кишилердин өздүгү такталып, учурда кармоо аракети көрүлүүдө.

Ноокат райондук ички иштер бөлүмү аларга каршы кылмыш ишин козгоду.

Эң көп окулган жаңылыктар