Президентикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Оштун Он-Адыр аймагында сүйлөгөн сөзү текшерүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдайт.
Маалыматта талапкердин Он-Адырда сүйлөгөн сөзү текшерип, экспертиза жүргүзүү үчүн Улуттук коопсуздук кызматынын Ош облустук башкармалыгына жөнөтүлгөнү маалымдалат.
Башкы прокурутура анын жыйынтыгына карата баа бермекчи.
Эскерте кетсек, Өмүрбек Бабанов Он-Адырдагы жолугушууда бир этностун өкүлдөрүнүн алдында сөзүн айрымдар чагымчылдык катары баалашты. Боршайкомго дагы бул боюнча бир нече арыз түшкөн.