03:09
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга ири инвестор кызыгууда

«Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга ири инвестор кызыгууда. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдирди. 

Анын айтымында, Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга сапарынан кийин аталган ГЭСке кызыгуу артууда. 

«Ири компаниялар кызыгып жатышат. Мында Өзбекстан дагы инвестор катары катышууга даяр», — деди Дүйшенбек Зилалиев.

Вице-премьер-министр ГЭСти курууга сунуш жөнөткөн компаниянын атын атоодон баш тартты.

Эскерте кетсек, Шавкат Мирзиеев Бишкектеги расмий сапарында Кыргызстан менен Өзбекстан «Камбар-Ата-1» ГЭСин чогуу курарын айткан. Ислам Каримовдун кезинде Өзбекстан ГЭСтин курулушуна каршылык билдирип, эл аралык уюмдардын трибунасында дагы бул маселени козгоп келген.

Эң көп окулган жаңылыктар