Жалал-Абад облусунда ага-ини мушташа кетип, бирөөсү набыт болду. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Алардын айтымында, 17-сентябрда Базар-Коргон районунун Могол айылында 22.30да жергиликтүү эки тургун мушташкан. Экөө тең мас болушкан. 1974-жылы туулган Ж. Н. алган жаракаттарынан каза тапкан.
1963-жылы туулган айыл тургунуна карата кылмыш иши козголуп, камалды.