18:31
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Озиэль Гомес: «Просто Мария» жана Месси аркылуу кыргызстандыктардын тилин табам

Фото Озиэль Гоместин жеке архивинен.
Озиэль Гомес Кыргызстанга бир жыл мурда келген. Мексикадагы Монтеморелос университетин аяктагандан кийин чет өлкөлөрдө саякаттоого жана башка маданиятты танууга мүмкүнчүлүк берген жумушту издеп баштайт. Студент кезде Иорданияда бир жыл болгондуктан, Жакынкы Чыгышка кайтып келүү, же Африкага баруу планы бар болчу. Бирок, биринчи эле ага Кыргызстандан жумуш чыгып калды. Өлкөнүн тарыхы жана географиясы боюнча окуп таанышкандан кийин бир жылга барып келмек болот. Азыр эми Кыргызстанды жактырып, андан кеткиси келбей калган фотограф дагы бир нече убакытка калуу үчүн долбоорлорду караштырууда. Анын айтымында, жаратылыштын кооздугун жана элдердин ачык жан дүйнөсүн толугу менен өз эмгектерине түшүрүп бүтө элек.

— Сүрөттөрүңүздү карап чыктым. Абдан сонун экен. Кыргызстан, элдер, өзгөчө Бишкек — жылуу, ачык түстүү жана абдан жакын сезилет. Өлкө сизге жакшы пикир калтырган окшойт...

— Ооба, Кыргызстан мени абдан таң калтырды. Бул жердин маданияты, салты Мексиканыкынан толук айырмаланат экен.

Мен өзгөчө кыргыз тоолоруна жактырып калдым. Шаарда боломбу, айылда боломбу тоолорду сүрөткө тарткандан эринбейм. Кайсы мезгил болбосун тоолор укмуш кооздукту берип турушат. Мисалы, жазында ачык жашыл, кышында көк. Көлдөр, жашыл талаалар, каньондо... деги эле кайсы жерге барда кайталангыс пейзажга күбө болосуң. Табияттын аруулугуна элдердин жан дүйнөсүнүн кооздугу айкалышканда эч бир жан кайдыгер боло албайт. Айыл элдери ар дайым чай сунуштап, жардам берүүгө даяр турат экен.

Фото Озиэль Гоместин жеке архивинен

Бишкекте шаардык инфраструктура менен жашыл аймактын симбиозу таң калтырды. Мисалы, эки тарабын унаа жана бийик имараттар курчаган аллея менен басып баратып, бир аздан кийин эле дарактар, гүлдөр жана жашыл чөп төшөлгөн аятнчага келип каласың.

— Жергиликтүү калк менен жакын таанышканда сиздин көңүлүңүздү калтырган жагдай да болдубу?

— Мен орус тилин, же кыргыз тилин билбегендигиме карабай, бул жерде өзүмдү ыңгайсыз сезген жокмун. Бир жылдан бери жашайм. Көп нерсе таң калтырат. Бирок, жакшы жагынан.

Мен келгенде эле кыргыздар менен жакшы таанышып, алардын каада-салтын, дүйнө таанымын жана жашоо турмушун ачып көрөйүн деп чечтим. Бир нече жолу Ошто жана Ысык-Көлдө болдум. Аймактарда болгондо элдер менен баарлашууга аракеттенем. Кооз жайларды гана эмес, элдерди дагы сүрөттө тартуу мүмкүнчүлүгүнө ыраазымын.

Албетте көптөр таң калып, тил билбей кантип сүйлөшүп жаткандыгымды сурай беришет. Мен аларга эгер адамдар чын жүрөктөн ачык болсо тил бөгөт эмес дейт элем.

Шаарда мени көбүнчө индустар менен алмаштыра беришет. Мексикадан келгендигимди билгенден кийин гана мамилеси өзгөрүп, «Просто мария» жана Мессини сурап башташат. Бирок, Лео Месси ал мексикалык эмес, ал аргентиналык.

— Бишкекте кайсы жерлерде болгонду жактырасыз?

— Дайыр Асанов атындагы парктын артында дарыя бар. Анын жээгинен тоого карай сонун көрүнүш ачылат. Айрыкча күндүн батышы укмуш — сүрөт илип койгондой.

Негизинен Бишкек менин туулган шаарыма окшош. Күндүн батышы, көчөдө сатылган мөмө-жемиштер, таттуулар, оюн аянтчасындагы балдардын үнү жана жүргүнчүлөр толгон маршруткалар.

— Улуттук ашкана дагы табияттан кем эмес таң калтырса керек?

— Бешбармак менен палоо жагат. Азырынча жылкынын этин жей элекмин.

Фото Озиэль Гоместин жеке архивинен

— Бишкекте эмнени өзгөрткүңүз келчү?

— Бишкекке жарыктар коюлуп, түнү дагы көчөгө чыгып, сейилдеп басууга мүмкүнчүлүк түзүлсө жакшы болот эле. Андан сырткары жаш музыканттар, ырчылар жана сүрөтчүлөр үчүн атайын галерея, же бир аянтча болсо сонун болмок. Мисалы, Мексикада мындай аянтчаларда каалагандар өзүнүн сүрөттөрүн коюп, чыгармаларын сунуштап, семинарларды өткөрө алат. Анан китеп дүкөндөрү аздык кылат.

Эң көп окулган жаңылыктар