06:59
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Азимбек Бекназаров ага шайлоо алдында атайын иш козголуп жаткандыгын билдирди

Президентикке талапкер Азимбек Бекназаров ага шайлоо алдында атайын иш козголуп жаткандыгын бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Ал бул кылмыш ишин негизсиз деп, өзүнүн талапкер катары кол тийбестик укугу бар экенин айтты.

«Менин сотто берген көрсөтмөмдү эске алышса болмок. Ал соттун өкүмүнө эч кандай таасир берген жок. Эгер аларды менин көрсөтмөм үчүн акташса, анда иш козгоого негиз болмок. Анүстүнө талапкерге иш козгоого болбойт. Шайлоо бүткөнчө талапкерлер кол тийбестик укугуна ээ», — деди Азимбек Бекназаров.

Эскерте кетсек, интернетте жарыялаган аудиотасмада Азимбек Бекназаров Өмүрбек Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө бергендигин моюнга алат. Ал жана Камчыбек Ташиев бул аудио тасманы атайын жасалган монтаж деп билдиришкен. Экөө тең соттогу көрсөтмөсү чын экендигин жарыялашкан.

Бирок, бул аудио тасмадан кийин журналист Раушан Рыкунова Азимбек Бекназаровдун Сomment. kg порталына берген маектен кийинки сөзүн жарыяланган. Ал видеотасмада дагы Бекназаров сотто жалган көрсөтмө бергендигин жана 2010-жылы «Ата-Мекен» партиясынын жетекчилери «Альфа телеком» компаниясын көзөмөлдөөгө аракет кылгандыгын айткан.

УКМКнын билдирүүсүндө, аудио жана видеотасма Алма-Ата шаарына фоноскопиялык текшерүүгө жөнөтүлүп, адистер эки үн тең Азимбек Бекназаровго таандык экендигин жана монтаждалбагандыгын аныкташкан. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар