07:51
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өзбек президенти төкмө акын Идрис Айитбаевге автомобиль жана батир белек кылды

Өзбекстандын президент Шавкат Мирзиеевдин атынан Идирис Айтбаев автоууна жана Анжияндан батир алды. Бул тууралуу маалыматты ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырды. 

Белгилей кетсек, акын Анжиян болгон кыргыз-өзбек өкүлдөрүнүн жолугушуусунда эки өлкөнүн достугу жөнүндө ырдаган. Ырында «Шевроле Малибу» менен Анжиянды кыдырып жүргөнүн да айта кеткен болчу. 

Шавкат Мирзиеев эки элдин достугун бекемдөөгө кошкон салымы үчүн белек тартуулангандыгы айтылат.  Ала-Арча резиденцияда болгон концертте өзбек президенти Идирис Айитбаевдин Анжиянда ырдаган ырын уккандыгын айтып, белек кылууну убадалаган. 

Эң көп окулган жаңылыктар