16:13
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстан менен Өзбекстан Анжиян-Ош-Кашкар жолун ачууга ниеттенишүүдө

Кыргызстан менен Өзбекстан бийлиги Анжиян-Ош-Кашкар трассасын ачуу мүмкүнчүлүктөрүн карашууда. Бул тууралуу 6-сентябрда “Достук” чек ара өткөрмө бекетинин ачылыш аземинде Анжиян облусунун акими Шухратбек Абдурахманов билдиргендигин centralasian маалымдайт. 

Анжиян облусунун акими Шухрат Абдрахманов чек аранын эки тарабында жашап келе жаткан өзбек эли телеграмма деген балээден кутулуп, тууган-урук, жек-жаат менен эркин катышып каларын айтып кетти.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 5-сентябрь күнү Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери 15 жылдан бери эки элдин көйгөйү болуп жаткан чек ара маселесин 15 мүнөттө чечкенин белгилеп, бул күндү эки элдин ортосундагы достуктун жана ынтымактын күнү болсун деди. 

"Элине кызмат кылган мына ушундай болот. Ошондуктан, эки президентибизге узун өмүр каалап, терең ыраазычылык билдиребиз. Эки элдин ынтымагы жана достугу мындан ары да бекем болуп, ырашкерлиги арта берсин!" - деди мэр. 

6-сентябрда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга эки күндүк мамлекеттик сапар менен келип, кыргыз-өзбек кызматташтыгы тууралуу документтерге кол коюлган. Анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстан чек аранын 85 пайызын макулдашканы боюнча да документ бар.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби