Сапар Исаков өкмөт саясатка аралашпай, көйгөйлөрдү чечүү үстүндө иш алып барарын айтты.
Ал депутаттарга алдыдагы шайлоо таза өтөөрүн убадалады.
Эскерте кетсек, парламент бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп, Сапар Исаковдун премьер-министрликке талапкерлигин карап жатат. Аны бул орунга президент сунуштаган. Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткенден кийин Жогорку Кеңештин төрагасына кезексиз жыйынды чакырууну сунуштаган.