«Ак илбирсти өлтүргөндөр -маңкурттар. Ал эми анын терисин саткандар -элин, жерин саткандар», — деди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык форумда сүйлөгөн сөзүндө. Анын айтымында, кыргыздар илгертен эле илбирсти баалап, өзүнүн колдоочусу катары эсептешкен.
«Бекерден кыргыздын ханын аты Барсбек болгон эмес да» — деди президент.
Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүндө, кыргыздар илбирсти тарыхый ысмы менен атайт. Анткени, мурда
«Иль барс» деп аталып, кийин сингармонизм мыйзамына ылайык илбирс болуп калган.