17:37
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

18 казак аткаминери социалдык тармактагы сүрөтү үчүн жазаланды

18 казак аткаминери социалдык тармактагы сүрөтү үчүн жазаланды. Бул тууралуу «Караван» басылмасы маалымдайт. 

Казакстандын Жемкорлук менен күрөшүү жана мамлекеттик кадр кызматы социалдык тармакта мамлекеттик кызматкерлердин аккаунттарын көзөмөлдөп турат. 

«Жыл башынан бери 50 сүрөт аркылуу аткаминерлердин өзүнүн кызматтык ордуна дал келбеген жүрүм-турумдарын аныктадык. Ал сүрөттөр көңүл ачуучу жайларда, жаратылышта тартылган. Бирок, мамлекеттик кызматкер кайда болбосун үлгү көрсөтө алышы керек. Анын жүрүм-туруму этика туура келүүсү абзел» - деп билдирет Жемкорлук менен күрөшүү жана мамлекеттик кадр кызматынын облустук департаментинин жетекчиси Берикбол Байходжаев.

Анын айтымынд, мамлекеттик кызматкерлердин этикага туура келбеген сүрөттөрү социалдык тармактан алынып, өздөрү жоопко тартылды. 

Сүрөттөрдө аткаминерлер спирттик ичимдик ичип, карта ойноп олтурган кезде тартылган. 

Эң көп окулган жаңылыктар