18:22
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри келди

Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга келди. Маалыматты 24.kg агенттигине министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Олжас Бектенов Кыргызстанга иш сапары менен келди. Иш-чараны чагылдыруу үчүн министрлер кабинети мамлекеттик ЖМКларды гана аккредитациядан өткөргөн. Белгилей кетсек, бул Олжас Бектеновдун премьер-министр катары Кыргызстанга биринчи сапары.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Олжас Бектеновдун сүйлөшүүлөрү өтүп жатат. Тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармактарындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашууда.

Президент Садыр Жапаровдун алдыдагы сапары талкуунун негизги темасы болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Олжас Бектеновду премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктап, 2024-жылдын февралында Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу казак тараптын көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар