03:26
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Киров суу сактагычынан Казакстанга суу бериле баштады

Талас облусунун аймагындагы Киров суу сактагычынан Казакстандын Жамбыл облусуна суу берүү башталды. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин маалымат каражаттары Казакстандын суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитовго шилтеме берип жазышты.

Казакстан менен Кыргызстандын акыркы өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйыны Акылбек Жапаров менен Алихан Смаиловдун катышуусунда Тараз шаарында сентябрдын аягында өткөн. Анын жүрүшүндө тараптар Киров суу сактагычынан суу берүүнү калыбына келтирүү жаатында макулдашууга жетишкен.

«Биз Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жетекчилери менен жолугушуп, Киров суу сактагычын ачуу боюнча учурдагы шарттарды макулдаштык. Учурда суу сактагычтан 12 куб метр суу Жамбыл облусунун суу сактагычына топтолуп жатат», — деп билдирди Нуржигитов.

Ал акыркы эки айда Казакстанга суу келбей калганын кошумчалады.

Эске салсак, Кыргызстандын Киров суу сактагычына топтолгон суунун көлөмү быйыл соңку 30 жылдагы эң төмөнкү чекке түшкөн. Казакстан сугат суунун жетишсиздигинен улам 13 районунда өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.

Эң көп окулган жаңылыктар