13:41
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Казакстанда 20 миллионунчу жаран төрөлдү

Казакстанда 20 миллионунчу жаран төрөлдү. Бул тууралуу өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев Х социалдык тармагында билдирди.

«Казакстандын калкынын саны 20 миллионго жетти! Мекендештерди бул маанилүү окуя менен куттуктайм! Бактылуу үй-бүлө — улуттун бакубаттуулугунун, өлкөнүн туруктуу прогрессинин пайдубалы. Мамлекет үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, эне жана балдарды коргоо боюнча иштерди улантат», — деп жазган мамлекет башчысы.

Tengrinews.kz басылмасынын маалыматы боюнча, «калктын маалымат базасынын көрсөткүчүнө ылайык, 2023-жылдын 14-ноябрында саат 8:10до төрөлгөн беш ымыркай өлкөнүн 20 миллионунчу жарандары болду. Алар Улытау жана Жетисуу, Атырау, Акмола жана Түркстан облустарында жарык дүйнөгө келишти. Алардын үчөөсү эркек жана экөөсү кыз».

Агенттик белгилегендей, Казакстандын 19 миллионунчу жараны эки жыл мурун августта төрөлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар