18:38
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Казакстандык инвестор Кыргызстанга 70 миллион доллар салууга даяр

2023-жылы Казакстан Кыргызстандын экономикасына 55 миллион доллар капиталдык салым кылган. Казакстандын Кыргызстанга багытталган инвестициясынын жалпы көлөмү 1,3 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу «Казинформ» агенттиги билдирди.

«Казакстан Кыргызстандын үчүнчү соода өнөктөшү болуп саналат. Мамлекет башчыларынын тапшырмасы менен биз эки тараптуу сооданы 2 миллиард долларга жеткирүүнү пландап жатабыз. Кыргызстан Казакстан үчүн КМШ жана ЕАЭБ алкагындагы негизги соода өнөктөштөрдүн бири болуп саналат. Биз жакшы перспектива көрүп жатабыз, тамак-аш, өнөр жай, нефтехимия, курулуш, фармацевтика тармактарындагы 200 товардык позиция боюнча Кыргызстанга экспортту дагы 260 миллион долларга көбөйтүүгө даярбыз», — деп билдирди өлкөнүн тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы казакстандык башкы инвесторлордун бири биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга 70 миллион доллар жумшоого даяр. Бирок бул инвестор тууралуу маалыматтар айтылган жок.

Казакстандын Тышкы иштер министри Бишкекке болгон иш сапарында регионалдык мүнөздөгү маселелер талкууланганын, алар боюнча тараптардын позициялары дал келгенин кошумчалады.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Казакстан менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда 2024-2026-жылдарга кызматташтык программасына кол коюлду.

Эң көп окулган жаңылыктар