22:29
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өзбекстан бирдиктүү энергетикалык шакекчени кеңейтүүгө кызыктар

Өзбекстандын Борбор Азиядагы энергетикалык шакекчени кеңейтүү боюнча бир нече чараларды кабыл алууга ниети бар экендигин centralasian.org билдирет. 
«Узбекэнерго» жетекчилиги 22-сентябрда кабарлагандай, Өзбекстан менен Борбор Азиянын энергосистемасы учурда шакекче режиминде 500 кВ жана 220 кВ линиялары аркылуу иштөөдө.

“Мындан ары дагы шакекчени кеңейтүү жана күчтөндүрүү боюнча чараларды кабыл алабыз. Учурда Ооганстан менен дагы иштеп жатабыз, бул багытта 220 кВ линиябыз бар, биз ооган элине жардам берүүдөбүз”, –деп билдирди «Узбекэнерго» стратегиялык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Эсо Садуллаев.

Анын айтымында, компания CASA-1000 долбоору боюнча түшкөн сунуштарды кароого даяр, бирок бул жерде чечимди өзбек өкмөтү кабыл алат.

Аймакта бирдиктүү энергетикалык система Советтер Союзу тушунда эле түзүлүп, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жалпы кубаттуулуктагы электр энергиясын пайдаланып келишкен. Бирок СССР тарагандан кийин коңшулар ортосунда жаралган пикир келишпестиктерден улам ал мурдагы маанисин жоготкон.

Эң көп окулган жаңылыктар