04:51
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Темир Жумакадыров Жеңиш Разаковдун ордуна келиши мүмкүн

Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров күч органдарын көзөмөлдөгөн вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун ордуна келиши мүмкүн. Бул боюнча «24.kg» КСДП фракциясынан билдиришти. 

Бүгүн парламенттин КСДП фракциясы Сапар Исаков жетектей турган өкмөттүн курамын карап чыкты. 

Ага ылайык вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев каржы министрлигин жетектөөгө барып, анын ордуна Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун келиши күтүлүүдө. Жеңиш Разаковдун кайсы тармакка которулары белгисиз. Дагы бир вице Олег Панкротовдун ордун өнөр-жай, энергетика жана кен байлыктарды колдонуу мамлекеттик комитетинин жетекчиси Дүйшенбек Зилалиев ээлейт. Анын ордуна орун басары Улан Рыскулов сунушталуудаю 

Экономика министри Арзыбек Кожошевдун ордуна президенттик аппараттагы кызматкер Артем Новиков келиши мүмкүн. 

Өкмөттүн аппаратын Нурханбек Момуналиев жетектейт. 

 

Эң көп окулган жаңылыктар