14:27
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Сооронбай Жээнбеков: Инагурацияга чейин өкмөттү жетектөөгө мыйзам жол берет

«Премьер-министрге шайлоо мезгилинде дагы кызматтан кетпей иштеп, инагурацияга чейин өкмөттү жетектөөгө мыйзам жол берет» - деп Сооронбай Жээнбеков бүгүн журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, отставкага кетпей ишин уланта берүүгө мыйзам каршы келбейт болчу.

«Бирок, өлкөгө толук кандуу премьер-министр жана толук кандуу өкмөт керек. Анүстүнө мен башка талапкер менен бирдей шартта ат салышышым керек деп эсептейм» - деди өкмөт башчы.

БШК Сооронбай Жээнбековду бүгүн талапкер кылып каттады. Буга чейин президентикке талапкер Темир Сариев Сооронбай Жээнбековдун административдик ресурсту колдонуп жатканын айтып, кызматтан кетүүсүн талап кылган.

Эң көп окулган жаңылыктар