00:12
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жалал-Абадда жети айда өндүрүштүн көлөмү 214,2 миллион сомго өскөн

Жалал-Абад шаарында жети айда өндүрүштүн көлөмү 214,2 миллион сомго өскөн. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдайт.

Маалыматка караганда, 2016-жылдын жети айында шаарда өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын көлөмү 1 миллиард 504,1 миллион сомду түзсө, быйылкы жылдын жети айында 1 миллиард 718,3 миллион сомго жетип, 214, 2 миллион сомго өскөн. Өнөр жай продукцияларын өсүүсү - 114,2 пайыз.

Мэриянын маалыматында, шаарда эки жаңы өндүрүштүк ишкана ачылды. 

Эскерте кетсек, шаарда өндүрүштүн башка багыттары боюнча да алга жылуулар байкалат. Мисалы, шаардагы акылуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө быйылкы жылы 1 миллиард 650,1 миллион сомдук иштер аткарылып, бул өткөн жылга караганда 196,3 миллио сомго көптүк кылат, же болбосо өсүү темпи 113,5 пайызды түзгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар