19:13
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Каримовдун резиденциясынын айланасындагы тосмо алынды

15-августта куруучулар Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун жумушчу оруну болгон «Оксарой» резиденциясынын айланасындагы темир тосмону алышты. Азыр анын жанына маркум президенттин эстелигин орнотууга даярдык көрүү иштери жүрүүдө.
Ислам Каримовдун мурдагы резиденциясынын аймагына орнотулчу эстелигин 1-сентябрда ачуу пландалууда. Андан сырткары анда тунгуч президенттин музейин ачуу каралууда.

Өлкөнүн учурдагы президенти Шавкат Мирзиёев Каримовдун шаар сыртындагы эки резиденциясы менен катар бул резиденциясын да пайдаланган жок. Өткөн айдын соңунда өлкө башчы Чирчик суусунун жээгине курулган жаңы резиденцияга көчүп барган.

Ушул жылдын 25-январында Мирзиёев «Өзбекстандын биринчи президентинин элесин түбөлүк калтыруу тууралуу» токтомго кол койгон

Эң көп окулган жаңылыктар