22:29
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Өндүрүш Токтонасыровду митингдерге тыюу салган токтом менен тааныштырышты

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бүгүн БШКнын алдында өткөргөн пикетинде кармалып кеткен. Бишкек шаардык ИИБсынын маалыматында, ага мамлекеттик мекемелердин, соттордун алдында митинг өткөрүү тыюу салган токтом менен тааныштырылды.

Өндүрүш Токтонасыров Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы мыйзам бузбоого, Өмүрбек Текебаевге мамлекеттик тилден сынак тапшырууга мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылган.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык соту мамлекеттик мекемелердин, соттордун жана башка коомдук жайларда 20-октябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салган.

Эң көп окулган жаңылыктар