Алайда жер титиреди. Сейсмология институтунун билдирүүсүндө, 2-августтагы жер титирөөнүн кубаттуулугу 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөөнүн очогуАлай кырка тоолорунда жайгашкан.
Ош облусунун Алай районунун Икизяк, Нура айылдарында 3 балл, Кек-Суу айылында 2,5 балл сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча кыйроолор жок.