09:19
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Мародерлук иши. Абдулла Юсупов сотто көрсөтмө берди

2010-жылы мурдакы президент Курманбек Бакиевдин мүлкүн талап-тоноо кылмыш иши боюнча сотто бүгүн Абдулла Юсупов күбө катары көрсөтмө берди.

Ал бул иш боюнча айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты «Ата-Мекен» фракциясынын мүчөсү Райкан Төлөгөнов менен 2007-жылдан бери тааныш экендигин билдирди.

Кийин 2010-жылы 7-апрелде Төлөгөновдун суранычы менен Бишкекке келген.

«Ал түнү биз 30дай жерге бардык. Ал кеңсе, же үй Бакиевдерге тиешелүү экендигин мен жакшы билем. Анткени, мен алар менен коңшу катары жүздөшүп, чай ичишип, конок болуп да жүргөнмүн. Баардык жерде алган эмерек, документ, куралдарды биз унаа жүктөп жөнөттүк. Андан ары каякка кеткенин билбейм. Анткени, биз тоноо эмес, баатыр катары мүлктү камоого алып жатабыз деп ойлогонбуз. Көрсө булар бизди бандит катары колдонуптур» - деди ал.

Абдулла Юсуповдун айтымында, айрым объекттерде аларга каршылык көрсөтүлгөн, кээ бирлерин унчукпай эшикти ачып беришкен.

«Искендер Бакиевдин кароолу куралчан элек. Бирок биз алардын куралын тартып алдык. Дагы бир жерде абага ок атышты. Эми бизди «Ата-Мекендин» жетекчилери колдоп жаткандан кийин эч нерседен корккон жокпуз» - деди Абдулла Юсупов.

Абдулла Юсупов акыркы алты жылдан бери Бишкек шаарындагы №1 абакта. Ал бул иш боюнча негизги күбөлөрдүн бири. 

Эскерте кетсек, 2010-жылдагы мародерлук боюнча маселе көтөрүлүп, кылмыш иши козголуп, бирок аягына чыккан эмес. 2013-жылы бул боюнча парламентте атайын комиссия дагы түзүлгөн. Мурдакы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев ишке чекит коюуну да убадалаган. Иш 2017-жылы кайра козголуп, Райкан Төлөгөнов камакка алынды. 

Эң көп окулган жаңылыктар