18:11
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Төлөгөновдун соту. Болот Шер анын сотко күч менен алып келүү чечимине даттанды

«Мародерлук иши «Ата-Мекен» партиясын жок кылуу үчүн ойлонуп табылган» — деп билдирди Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Болот Шерниязов (Болот Шер) парламенттин мурдакы депутаты Райкан Төлөгөновдун сотунда.

Сөз башында Болот Шер сот Марат Сыдыковдон «күч менен алып келүү» чечимин түшүндүрүп берүүнү талап кылды.

«Мен бул сотко эки жолу келдим. Мени киргизишкен жок. Мага күбөлөрдүн тизмесинде экендигимди айтышып, чакырганда келүүмдү суранышкан. Качан чакырат деп күтүп олтурсам, кечээ мага ыкчам кызматкерлер келип, соттун чечимин көрсөтүп жатат. Мен көрсөтмө берүүдөн баш тарткан жокмун» — деди Болот Шер.

Марат Сыдыков, күч менен алып келүү чечими жалпы күбөлөр үчүн чыгарылгандыгын, көпчүлүгү сотко келбей, териштирүү үзгүлтүккө учурап жаткандыгын айтты.

«Сиз бул жерге зордоп эмес, атайын чакыруу менен келдиңиз» — деп жооп берди ал.

Болот Шерниязов көрсөтмөсүндө мародерлук боюнча башкы күбө- Абдулла Юсупов менен тааныштыгын жокко чыгарды.

«Мен аны тааныбаймын. Үйүмдө да болгон эмес. Менин менен жер төлөөмдө жолукчумун дептир. Жер төлөөгө кире турган эшик кайсы тарапта экенин сурагыла, айта алат бекен?» — деди мурдакы депутат.

Болот Шердин билдирүүсүндө, 2010-жылдын 7-апрелинде ал Райкан Төлөгөнов менен телефон аркылуу сүйлөшкөн да, ага жардамга түнү эч кандай атайын бөлүктүн кызматкерлерин жөнөткөн да эмес.

Эскерте кетсек, Райкан Төлөгөнов мародердук иши боюнча айыпталууда. Тергөөнүн пикиринде, ал мурдакы президент Курманбек Бакиевдин үй-мүлкүн тоногон топту жетектеген.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби