03:07
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Райкан Төлөгөнов шаардык сотко даттануудан баш тартты

Жогорку Кеңештин мурдакы чакырылышынын депутаты Райкан Төлөгөнов Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө арызданып, жогорку инстанцияга кайрылуудан баш тартты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине анын жубайы Чолпон Кошоева билдирди.

Анын айтымында, Райкан Төлөгөнов шаардык сот райондук соттун чечимин анын пайдасына өзгөртүшүнө ишенбейт.

«Бул чечимди биз Райкан Төлөгөновдун ден-соолугуна байланыштуу кабыл алдык. Анткени, шаардык сотко апелляция берсек, сот аны кеминде жарым жыл карайт. Бул убакытта Райкан Төлөгөнов № 1 тергөө абагында олтурушу керек болот. Ал жердин шартты ден-соолугуна эч туура келбейт. Ансыз деле кан басымы көтөрүлүп жатат. Андыктан Райкан Төлөгөнов «мен жарым жыл соттун өкүмүн күтүп олтура албайм. Өлүп калам» — деп айткандан кийин шаардык сотко кайрылбадык» — деди ал.

Эскерте кетсек, Биринчи май райондук соту Райкан Төлөгөновго 27-октябрда өкүм чыгарган. Анын жаш курагын эске алып, үч мунапысты колдонуп, 5 жыл 3 айга эркинен ажыраткан.

Өкүм азыр күчүнө кирди. Бүгүн Жаза аткаруу кызматы Райкан Төлөгөновдун мөөнөтүн өтөөчү жайын аныктайт.

«Биз ден-соолугуна байланыштуу № 47 абакка которулат деп ойлогонбуз. Бирок, айрым маалыматтар ал жерде Өмүрбек Текебаев болгондуктан, ата-мекенчилерди бириктирбеш үчүн которбойт деп жатышат» — дейт Чолпон Кошоева.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума